7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айбек Джумагулов: Ишмердүүлүктү санариптештирүү мезгилдин талабы

201

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Айбек Джумагулов Талас, Жалал-Абад, Ош шаары жана Ош, Баткен облустарына болгон иш сапарынын алкагында жер-жерлердеги кызматкерлердин иштөө тартиби, күзөт ордулары, кызматтык күч каражаттары менен жеринен таанышты.

Айрыкча Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан көзөмөл өткөрмө жайынын абалы, кызматкерлердин ишмердүүлүгүн камтыган ченемдик-укуктук актылары, “Автоураган” аппараттык программалык комплекстеринин иштөө тартиби жана жыйынтыктары каралып, аныкталган кемчиликтерди орундатуу жагы колго алынды.

Ошондой эле кызматкерлер менен жолугушууда өлкө башчыбыздын жарлыгына ылайык, жарандарды кабыл алуу, тейлөө, кызмат көрсөтүү багыттарынын баары санариптештирүү менен ишке ашыруу
тапшырмалары коюлду.

 

 

202