7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ондон ашык карьерлер мамлекеттин балансына кайтарылды

18

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кум-шагыл казуу тармагындагы мыйзам бузууларга каршы кеңири иликтөө жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Чүй облусундагы ондон ашык карьер лицензиялык талаптарды одоно бузганы, казылып алынган көлөмдү жашырганы жана мамлекетке ири зыян келтиргени аныкталды.

Ошондой эле, айрым карьерлер мамлекеттик органдарга жалган маалымат берип, салык төлөөдөн качууга аракет кылган. Жаратылыш объекттерине да зыян келтирилген учурлар болгон.

Иликтөөнүн жыйынтыгында бул карьерлердин иши токтотулуп, кайрадан мамлекеттин балансына өткөрүлдү. УКМК билдиргендей, бул аракеттер коррупциялык схемаларды жоюу, лицензия берүү тартибин көзөмөлдөө жана жаратылыш ресурстарын мыйзам чегинде пайдалануу максатын көздөйт.

19