Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасы (U-23) Вьетнамдын Вунг Тау шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 5 медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, анын ичинен бирөө алтын, экөө күмүш жана экөө коло медаль.
Алтын медаль ээси:
- 72 кг Нурзат Нуртаева.
Күмүш медалдын ээлери:
- 55 кг Арууке Кадырбек кызы;
- 67 кг Кайыргүл Шаршебаева;
Коло медалдын ээлери:
- 65 кг Дильназ Сазанова;
- 68 кг Гульнура Таштанбекова;
Курама команда улук машыктыруучу Нурдин Донбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.