7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөдөгү эң кургак чөлгө кар жаады

361

Дүйнөдөгү эң кургак чөл деп эсептелген Чилинин түндүгүндөгү Атакама чөлүндө акыркы он жылда биринчи жолу кар жаады. Бул тууралуу аталган аймакта жайгашкан ALMA обсерваториясы билдиргенин Дзен.ру агенттиги жазды.

Буга чейин синоптиктер бул аймакта нөшөрлүү жаан-чачын жана бороон-чапкын болушу мүмкүн экенин эскертишкен. Ал эми кар 10 жылдан кийин жаады деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда Түштүк Африка Республикасында (ЮАР) катуу аба ырайынын кесепеттери уланып жатат. Суу ташкыны, жер көчкү, катуу шамал жана кар жаашынан улам өлкөдө кеминде 49 адам каза болгону айтылат.

362