7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК ишине ЛГБТларды тартып бузукулукка үндөгөн түнкү клубдарды аныктады

47

Ишине ЛГБТларды тартып, жаштарды бузукулукка багыттаган түнкү клубдар аныкталганын УКМК кабарлады.

5-июлда бир катар эс алуучу жайларды атайын кызмат текшерген. «Катс» жана «Комбинат Плюр» түнкү клубдары ишмердүүлүгүнө ЛГБТ коомчулугун тартып, баңгизаттарды колдонуу аркылуу жаштарды бузукулукка багыттагандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө психотроптук дары-дармектер табылды. Мындан улам аталган түнкү клубдар толугу менен жабылып, мөөр басылды. Ал эми «Нокс» клубунун дааратканасынан ак порошок салынган пакеттер табылды.

Улуттук коопсуздук комитети сойкулук үчүн шарттарды түзүү «сойкуканаларды» уюштурууга барабар экенин белгилеп, бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертти.

48