7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда 48 жаштагы жаран баңгизатты сатып жаткан жеринен кармалды

511

 

Жалал-Абад облусунда баңгизаттарды сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, апрель айынын башында ИИМдин кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды сатуу менен алектенип жаткан жарандар жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 267-беренеси «баңгизаттарды сатуу» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

«Милиция кызматкерлери 7-апрелге караган түнү болжол менен саат 04:00дө Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы көчөлөрдүн биринде баңгизатты сатып, анын акчасынын бир бөлүгү 4 миң сомду алып жаткан жеринен 1973-жылы туулган жаран кармалган.

Баңгизат сатуучулар өз товарын 50 миң сомдон ашык суммага сатууну көздөшкөн. Кармоо боюнча операциянын жүрүшүндө, шектүү качууга аракет жасаган. Аны 600 метр аралыкка качып барган жеринен кармашкан. Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери бул кылмыш ишине тиешеси бар Токтогул районунун жашоочусу 1973-жылы туулган дагы бир жаранды кармашты. Кармалган жарандардан 165 грамм салмактагы 12 кутучадагы баңгизатын алышкан. Экспертизанын корутундусу менен алынган баңгизат гашиш экендиги аныкталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат», — деп жазылат билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

512