7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек – Ош унаа жолунун 12 чакырымына асфальт басылды

205

Стратегиялык маанидеги Бишкек – Ош унаа жолунун Суусамыр тилкесинен Ала-Бел ашуусуна чейин жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдɵ. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Учурда жолдун негизин даярдоо, асфальт төшөө, кээ бир тилкелеринде аң-чɵнɵктɵрдү жамоо, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жумуштары аткарылып жатат.

Курулуш иштери башталгандан бери 12 чакырым жолдун эки тарабына асфальт басылды.

Суусамыр ɵрɵɵнүндɵ суук эрте түшɵɵрүн эске алуу менен жол тилкесинен алыс эмес жерге эки асфальт-бетон заводу орнотулду. Учурда заводдордон (АБЗ) саатына 200-300 тонна кɵлɵмдɵгү асфальт чыгарылып жатат.

206