7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поездине камералар орнотулду

324

Бишкек — Балыкчы — Бишкек багыты боюнча жүргөн жүргүнчү поезддерине видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, видеокамералар Ички иштер министрлигинин «Коопсуз шаар» тутумуна интеграцияланган.

Аталган тутум кыска убакытта видеожазуулар боюнча укук бузуучулардын идентификациялоонун заманбап технологияларын колдонуу менен өздүгүн аныктоого жана мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, 25-июлда белгисиз адамдар өтүп бара жаткан поездге таш ыргытышканы маалым болгон. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракети менен окуяга тиешеси бар 15, 14, 12 жаштагы үч өспүрүм аныкталган.

325