Бишкекте каналдын суусуна агып бара жаткан баланы куткарып калган жаран Бекен Асанбеков экендиги аныкталды. Шаардык милиция анын өз учурунда жардам көрсөткөндүгүн эрдик деп баалап Ыраазычылык катын тапшырды.
Эскерте кетсек, аталган окуянын видеосу кечээ интернет желесине тараган. Эркек кишинин өз убагындагы чечкиндүү аракеттеринин аркасында бала куткарылып калган.
Ошондой эле милиция жарандарды кооптуу кырдаалдарда бири-бирине жардам берүүгө жана зарыл учурда тиешелүү кызматтарга кабарлоого чакырды.



