7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жарым жылда айыл чарбасынан 563 млн сомдон ашык салык түштү

408

Жарым жылда айыл чарбасынан түшкөн салык 563,4 млн сомдон ашты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 76 млн сомго көп.

Белгиленгендей, акыркы беш жылда Кыргызстанда айыл чарба тармагынан түшкөн салык 4 эсеге өстү. Бул мезгилдеги жыйымдардын жалпы суммасы 3 млрд 516 млн сомго жетти.

2020-2024-жылдар аралыгында экономиканын бул секторунан түшкөн салыктык түшүүлөр төмөнкүнү түздү:

2020-жылы — 261,07 млн сом;

2021-жылы — 325,7 млн сом;

2022-жылы — 507,7 млн сом;

2023-жылы — 818,8 млн сом;

2024-жылы — 1 млрд 40 млн сом.

409