7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиевге “менин коррупцияга тиешем жок” деген жаран кармалды

290

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Ноокенге болгон иш сапарында Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекибаев менен баарлашкан учурда, анын жер тармагындагы коррупциялык иштерге тиешесинин бардыгы боюнча берилген суроого, А.Бекибаев: «менин коррупциялык иштерге тиешем жок» жана мыйзам бузуулар аныкталса, «жоопкерчиликти тартууга даярмын» деп жооп берген.

Ал эми, текшерүү жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында А.Бекибаев Достук айыл өкмөтүндө (2019-2024-жж.) орун басар, андан кийин айыл өкмөт башчысы болуп иштеп турган учурлардагы көп сандаган коррупциялык фактылар аныкталды.

Өз учурунда А.Бекибаев турак жай боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп туруп, муниципалдык жер тилкелерин өзүнө жасалма аукциондор аркылуу арзандатылган баада сатканы аныкталган.

Мисалы:
• Базар баасы боюнча 3,8 млн сом турган 9620 чарчы метрлик жер тилкесин 209 700 сомго сатып алган;
• Аянты 325 чарчы метр болгон жер тилкесин 171 700 сомго сатып алган.

Ошондой эле жер боюнча кезек күткөндөрдүн тизмелерин аттап өтүп, бурмалоо жолдору менен жерге муктаж болгон тараптарга жерлерди саткандыгы боюнча, ал үчүн сый акысын алып тургандыгы боюнча дагы бир топ фактылар аныкталды.

Аталган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

291