7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ыдырыс Исаков: Курулуштун бели экономика. Экономика сынса курулуш токтойт

150

Алдыда боло турган Куруучулар күнүнө карата Ыдырыс Исаков жумушчуларды куттуктап, үй куруунун маанилүүлүгүн айтты. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

Ыдырыс Исаков: Бүгүн үй тууралуу айтайын. Кыш чилдесин жылуу кылган да, саратанды салкын кылган да, эс алууну тынч кылган да, көп балалуу кылган да үй экен. Сырыңды катып берген да, коногуңду тосуп берген да үй экен.

Үйдү сактасаң байлык, сатсаң пул экен. Үй — үй бүлөңө уя экен, насыяңа кепил экен.
Үй — байлардын мүлкү, жаштардын кыялы, талаш-тартыш чырлардын булагы экен. Жаткыра койбой иштеткен жетекчиң да үй экен. Анткени адам үй алам, үйдүн карызын төлөйм, үйдү оңдойм, үйгө эмерек алам деп иштейт экен.

Бүгүн ошо бүт адамзатка зарыл болгон үйлөрдү, имараттарды жараткан куруучулардын кесиптик майрамы, туугандар!

Көрсө имаратты куруучу эле куруп койбойт экен. Архитектор долбоорду жерге жайгаштырып берет, конструктор имараттын сөлөкөтүн сызып берет, сметчик чыгымын санап берет, прораб курулушту башкарып берет, снабженец курулуш материалдарын камдап берет, анан жайнаган куруучулар кезек-кезеги менен курулушту кечтедей курап чыгышат экен. Куруучунун ичинде бетонщиги, арматурщиги, экскаваторщиги, крановщиги, сварщиги, электриги, фасадчиги, вентиляция, эшик, терезе орноткону, шыбакчысы, чатыр жапканы, бакча жасаганы, плита басканы, бак тиккени кыскасы ондогон кесип ээлери ошо курулуш менен убара болот экен. Үй ошентип үй болот экен.

Ондогон, жүздөгөн адамды иштетүү үчүн айлыгын, тамагын берүү, курулуш каражаттарын сатып келүү үчүн акчаны отундай жагышың керек экен. Кыскасы курулуштун отуну пул экен.

Ошо пулдун айынан үйлөр зарылчылыкта эмес, бардарчылыкта курулат экен. Кыргыз ССРинде курулуш рекорду 1990-жылы 1 млн, 500 миң чарчы метр менен токтогон экен. Ошол рекорд былтыр 2 млн 500 миңге жакын аянт менен бузулду. Былтыртан бери бизде курулуштун ылдамдыгы жайлаган жок.

Курулуш күчөгөн сайын талаптар да өзгөрүп атат. Азыр мисалы 5 кабатка чейинки имараттарды арматуралар менен бекемдөө талабы жеңилдеди.
Ал эми көп кабаттуу үйлөрдү арматуралоо талабы 15%га жогорулады. Миң чарчы метрге чейинки имараттарды мамлекеттик экспертизадан өткөрүү талабы жоюлду. А көп кабаттуу имараттарды экспертизадан өткөрүү мөөнөтү эки ай болуп кыскарды. Кепилдик фондуна акча салмайынча көп кабат үйлөрдү курууга тыюу салынды. Мурда 100 батирлүү үйлөр 12-13 парковка менен курулуп келсе, азыр 100 батирге 60 парковкадан кемине уруксат берүү токтотулду. Курулуш тармагына толук көзөмөл орноду.

Кыскасы туугандар, курулуштун отуну пул. Пул бар үчүн курулуш болуп жптат. Биз үй кымбат, жер кымбат дегенибиз менен ошол баага жараша чак-чамабыз, дараметибиз бар. Кыргызстанда курулуштар көп болсун. Имараттарыбыз коопсуздугу, кооздугу, ыңгайлуулугу жагынан элге үлгү болсун.

Курулуштун бели экономика. Экономика сынса карулуш токтойт. Экономикабыз сынбасын, курулуштарыбыз токтобосун.
Баардык куруучуларга ден-соолук, үй бүлөлөрүнө тынчтык, амандык каалайм! Баарыңыздарда көп-көп пул болсун! Пулуңар көп болсо, көңүлүңөр ачык болорун билем.

151