7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Санарип кодексине кол койду

375

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине кол койду.

Санарип кодекси 2025-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган кодекс санарип мейкиндигинде адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жана ишке ашыруу, КР санарип экономикасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүү, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Алсак, Санарип кодексинде укуктук жөнгө салуулар, мамлекеттик жөнгө салуулар, санарип сервистер, телекоммуникациялык сервистер, санариптик технологиялык тутумдар жана жасалма интеллект тутумдары тууралуу жоболор каралган.

Санарип кодекси расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

376