БУУнун деңизге чыга албаган өнүгүп жаткан өлкөлөр боюнча конференциясы алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Түркмөнстандын «Кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» ордени тапшырылды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.
Мирзиёев түркмөн элине жана өлкө жетекчилерине ыраазычылыгын билдирди. Ал өзбек-түркмөн стратегиялык өнөктөштүгү жогорку деңгээлде экенин, акыркы жылдары соода жана кооперация кыйла өскөнүнө өзгөчө көңүл бурду.
Ошондой эле Борбор Азияда өз ара ишенимге негизделген кызматташтык модели түзүлүп жатканын, бул дүйнөлүк коомчулук тарабынан да таанылганын баса белгиледи.