7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Альбина Имашева кыргыздрамдын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

223

Имашева Альбина Турдугуловна Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.

Альбина Имашеваны театрдын жамаатына маданият министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырып, жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалады.

    • Альбина Имашева 1983-жылы 6-июнда Ысык-Көл облусунун Тоң районунуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган.
    • 2000-жылы Бөкөнбаев айылындагы Карл Маркс атындагы орто мектепти бүтүргөн.
    • 2005-жылы Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн.
    • 2002-жылдан бери Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенет.
    • 2008-жылы Эл аралык Ысык-Көлдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун кинофестивалында «Тенгри» фильминде «Аялдын ролун мыкты аткарганы үчүн» сыйлыкка татыган.
    • 2009-жылы «Кыргыз киносунун отличниги» төш белгиси менен сыйланган.
    • 2011-жылы Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын лауреаты.
    • 2017-жылы Маданият министринин «Ардак граматасын» алган.
    • 2018-жылы «Ардак грамотасынын» ээси.
    • 2024-жылы КР эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон.

224