Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан 20 жашка чейинки жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Адилет Акылбеков күмүш медалга татыды.
Адилет Акылбеков дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча 74 кг салмактык категорияда күч сынашты. Ал финалда россиялык атаандашына жеңилип, жыйынтыгында 2-орунду алган.
Муну менен ал жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль уткан үчүнчү кыргызстандык эркин күрөшчү болуп калды.
Ага чейин финалга чыккан балбандар – Уларбек Тууганбай уулу (1997-жылы) жана Хуршид Парпиев (2016-жылы) болгон.