Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына Тяньцзинь шаарында катышууда.
Иш-чара «Мэйцзянь» көргөзмө жана конференция борборунда өтүүдө.
Мамлекет башчысын КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин тосуп алды.
Саламдашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары саммиттин ишине катышуу үчүн залга өтүштү.