Мамлекеттик жана саясий ишмер, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов «Кабар» агенттигине берген комментарийинде, Кыргызстандын башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзү менен дүйнөлүк дипломатияга жаңы интонация, жаңы боёк бергенин белгиледи.
Анын айтымында, бул — дүйнөнүн чыныгы абалын эч кандай жасалмасыз көрсөткөн ачык жана таасирдүү билдирүүлөрдүн бири болду.
«Мамлекет башчысы президент жана дипломат катары эмес, өз өлкөсүнүн жөнөкөй жараны катары сүйлөөнү чечкенин баса белгиледи. Садыр Жапаров дүйнө үчүнчү дүйнөлүк согуштан 80 жыл бою алыс болуп турганын эске салып, бул — Бириккен Улуттар Уюмунун башкы жетишкендиги экенин белгиледи. Республиканын жетекчиси Кыргызстанга каршы киргизилген санкцияларды сынга алып, аларды адилетсиз жана жалган маалыматтарга негизделген деп атады. Ошондой эле, бир катар өлкөлөрдүн саясатындагы кош стандарттарга көңүл бурду.
Президент Газадагы окуяны «палестина элинин геноциди» деп атап, БУУнун Эл аралык сотунун иликтөөсүн колдоду. Ошондой эле, Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактады. Афганистан боюнча болсо, тоңдурулган 9 миллиард долларлык афган активдерин кайтаруу талабын койду жана аларды башка максатта пайдаланууну адилетсиздик деп атады.
БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоого байланыштуу, Кыргызстан анын курамын кеңейтүүнү жана буга чейин эч качан мүчө болуп көрбөгөн өлкөлөргө, анын ичинде Африка мамлекеттерине карата тарыхый адилетсиздикти жоюуну колдой турганын билдирди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасы 2027–2028-жылдарга Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин расмий түрдө көрсөткөнүн маалымдады.
Президент экология жана климат маселелерин да козгоп, мөңгүлөрдүн эрип кетүү коркунучун белгиледи жана мамлекеттерди курал-жарак жарышына эмес, жаратылышты коргоо боюнча жарышка чакырды. Сүйлөгөн сөзүнүн күчтүү жагы — бул анын ачыктыгы жана эмоционалдуулугу болду. Салттуу кургак билдирүүлөрдөн айырмаланып, Жапаровдун сөзү адилеттүүлүккө чакырык катары жаңырды. Палестина, Афганистан, Украина, Африкадагы кырдаал, климат жана БУУну реформалоо зарылдыгы сыяктуу дүйнөлүк көйгөйлөр кеңири козголду.
Кыргызстандын президенти дүйнөлүк мамилелердеги азыркы бурмалоолорду жана геосаясий артыкчылыктарга жетүү максатында айрым өлкөлөр колдонуп жаткан кош стандарттарды сынга алганы, албетте, көңүлдү бурдурду. Объективдүү чындыкты эске алуу менен, фактыларга негизделген талдоо жүргүзүлүп, жалпы адамзаттык баалуулуктарды коргоого багытталган чакырыктар айтылды. Көңүл чордонунда геосаясий эсептөөлөр эмес, жөнөкөй адамдардын укуктары турганы белгиленди.
Президент Садыр Жапаровдун бул сөзү Кыргызстандын жаңы дипломатиялык стилинин маанилүү белгиси болду. Ички аудитория үчүн бул — өлкө жетекчилигинин көз карандысыз жана тайманбас саясатын тастыктоо. Ал эми, тышкы аудитория үчүн — Кыргызстандын глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жана эл аралык өз ара аракеттенүүнүн жаңы эрежелерин иштеп чыгууга даярдыгынын ачык белгиси.
Өлкө лидеринин негизги билдирүүсү: адилеттүүлүк, теңдик жана карапайым адамдардын үнү дүйнөлүк системанын борборунда турушу керек, — деп баса белгиледи Токон Мамытов.