7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунтаев менен Самидинов жаңы аэровокзалдын курулушуна көчмө мониторинг жүргүздү

196

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов менен биргеликте «Манас» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушунун жүрүшүнө көчмө мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруунун негизги этаптары, курулуш иштеринин темпи, ошондой эле сапатты камсыздоо жана мөөнөттөрдү сактоо менен байланышкан маселелер каралды.

«Заманбап аэровокзалдык комплекстин курулушун аяктоо 2026-жылдын жай айына пландаштырылган. Долбоор аяктагандан кийин «Манас» аэропорту бардык эл аралык стандарттарга ылайык келген жүргүнчүлөр үчүн мындан да ыңгайлуу жана функционалдуу болуп калат», — делет маалыматта. 

Учурда оңдоо иштерине байланыштуу аэровокзалдын имаратына кирүү чектелген — жүргүнчүлөргө гана уруксат берилген. Ыңгайлуу тосуп алуу жана узатуу үчүн учуу жана келүү таблосу имараттын негизги кире беришинин алдында, көчөдө жайгашкан.

197