Президент Садыр Жапаров “Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, мыйзам 2025-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты болуп салык мыйзамдарын өркүндөтүү, салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана экономиканын көмүскөдөгү бөлүгүн кыскартуу саналат.
Мыйзам айрым мыйзам актыларына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт:
1) Салык кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр сунушталат:
– эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн инвестициялык макулдашуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган ставкалардын чегинде салыктардын ставкаларын, ошондой эле жаңы салыктарды киргизүүнү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралбаган башка ченемдерди белгилесе, анда мындай Макулдашуу менен жөнгө салынган салык мамилелерине ушул Макулдашуунун ченемдери колдонулат деген ченем күчүн жоготот;
– базарлардын жана соода борборлорунун администрациясы базарлардын жана соода борборлорунун аймагында иш жүргүзгөн субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын контролдойт;
– жүндү, терини, мурда колдонулган аккумуляторлорду сатуудан түшкөн кирешеге киреше салыгы салынбайт;
– эмгек мамилелеринин алкагында футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдардын жалданган жумушчулары тарабынан алынган кирешелер, анын ичинде эмгек акы, сый акылар, үстөк акылар, сыйлык, компенсациялар, материалдык жардам, ошондой эле дем берүүчү жана/же компенсациялык мүнөздөгү башка төлөмдөргө киреше салыгы салынбайт;
– келишимдин предмети жеке инвестициялык эсепти жүргүзүү болгон учурда Салык кодексинин 1961-беренесинде каралган тартипте жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен берилүүчү инвестициялык эсептен чыгарууларды алууга укуктуу;
– Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык мамлекеттик муктаждыктар үчүн кыймылсыз мүлктү алмаштырууну жана/же өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруучу субъект салыкты 0 пайыз ставка боюнча төлөйт;
– Салык кодексинин тиешелүү ченемдерин санариптештирүү, принциптерине ылайык келтирүү жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, ошондой эле актуалдуулугун жоготкон айрым ченемдерди алып салуу;
2) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 91-беренесине юридикалык жактар тарабынан гана эмес, жеке ишкерлер тарабынан да накталай эмес формада эмгек акы төлөөгө карата өзгөртүү киргизилүүдө;
3) “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун жана/же накталай эмес төлөмдүн башка инструменттерин пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн багытталган сатуучунун өзүнө катталган жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) колдонууга тыйуу салынат;
4) “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тиешелүү салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөстөн нотариалдык иш-аракеттерди жасоо, ошондой эле контролдук-кассалык машинаны колдонбостон нотариалдык ишти жүзөгө ашыруу лицензияны кайра чакырып алууга негиз болору тууралуу ченем менен толукталат.
5) “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин түзүлгөн инвестициялык макулдашууларда каралган, Салык кодексинин 3-беренесинин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылгандан кийин мөөнөтү аяктаган салыктык жеңилдиктер инвестициялык макулдашууда каралган салыктык жеңилдиктердин мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулары белгиленген.



