7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр: «Чөптүн кайнатмасын муздак ичкен адам 5 мүнөт аралыгында көз жумат»

5130

“Ысык-Көл тамырын” (чөптүн кайнатмасы) муздак абалда ичкен адам 5 мүнөт аралыгында көз жумат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Бейшеналиев “Ысык-Көл тамырын” муздак ичпеш керектигин катуу эскертти.

“Дарыдан кийин муздак суу ичпөө жана балмуздак жебеши кажет. Уу коргошунду күнүнө 4 маал ичүү керек”, — дейт ал.

Министр “Ысык-Көл тамыры” бир эле жерде өсөрүн жана ал атайын курчалганын айтып өттү.

“Биз даярдап жаткан дары Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканада, Улуттук госпитал, Токмоктогу ооруканада, Ош ооруканасында берилип жатат”, — деди ал.

Эскерте кетсек, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Ысык-Көл” тамыры” аталышындагы (чөптүн кайнатмасы) уу коргошунду “Кабар” агенттигиндеги түз эфир учурунда биринчилердин болуп ичти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5131