7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тогуз-Тородо коомдук угуу өткөрүлдү

615

Тогуз-Тородо коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-чейрегинин жыйынтыгы менен Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында коомдук угуу болуп өттү.

Аталган жыйынга Тогуз-Торо районунун акиминин милдетин аткаруучу У.Иманбердиев, Сары-Булуң айыл аймагынын башчысы Т.Токтоналиев, райондун прокурору А.Аракеев, РИИБдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө милициянын жыл башынан тартып аткарган жумуштары эл алдында айтылып, алардын суроолоруна жооптор берилди. Участкалык инспекторлор тургундарды кылмыштуулуктан алыс болууга, коомдук тартипти бузбоого жана милиция менен тыгыз кызматташууга чакырышты. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоого, алардын терс көрүнүштөргө дуушар болуусунун алдын алууга үндөштү.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

616