Кыргызстан- Индиянын ортосунда түз аба каттамы ишке кирди
259
Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы түз аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Дели — Бишкек — Дели багыты боюнча каттамынын ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара 7-декабрда Индира Ганди айтындагы эл аралык аэропортто өткөн. Ага Индиядагы элчи Аскар Бешимовдун катышканы айтылды.
«Каттамдын ачылышы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы транспорттук байланышты бекемдөөдө, ишкердик жана туристтик сапарларды жеңилдетүүдө, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду», — дешти министрликтен.
Каттам Tez Jet компаниясы тарабынан аптасына бир жолу — жекшемби күндөрү аткарылат.
Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөрдүн акцияларын Сингапурдун биржасында сатууну пландаганын балп этти. Жөнөкөй тил менен айтканда, IPO — бул компаниянын акцияларын инвесторлорго
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда бажы тармагына байланыштуу тараган маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Бүгүн, 10-августта, учуп-конуу тилкеси реконструкциялангандан кийин «Каракол» эл аралык аэропортунда биринчи техникалык каттам аткарылып, аэропорт тарыхында биринчи жолу Airbus A320