7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмне үчүн кытайлык адистер кечки тамактанууну маанилүү деп эсептешет?

23

Кытайлык адистер кечки тамактануунун маанилүүлүгүн эске салышты. Бул тууралуу Известия басылмасы жазып чыкты.

Алардын айтымында, кечки тамакты өткөрүп жиберүү же аны өтө эрте ичүү зат алмашууга жана уйкунун сапатына терс таасир тийгизиши мүмкүн. Адистердин кеңешине ылайык, кечки тамак орточо калориялуу, белокко жана булага бай болушу керек жана уктаардан 2–3 саат мурун ичилгени туура. Мындай тамактануу режими кандагы кантты турукташтырууга, ашказан-ичеги системасынын саламаттыгын колдоого жана кечки ашкере жеп коюу коркунучун азайтууга жардам берет.

Эксперттер белгилешкендей, кечки тамак үй-бүлөнүн чогуу болушунун салттуу бөлүгү, бирок дал ушул маалда көп учурда ашыкча тамак жеп коюу кездешет. Өтө мол тамак семирүү коркунучун жогорулатса, кечки тамактан таптакыр баш тартуу метаболизмди жайлатып, арыктоого жардам бербейт. Ошондуктан сунуш — жөнөкөй, жеңил сиңимдүү жана орточо өлчөмдөгү рацион тандоо.

Адистер кечки тамакты үйдө ичүүнү кеңеш кылышат, анткени бул туз менен майдын көлөмүн көзөмөлдөөгө жеңил. Кечки тамактын энергетикалык баалуулугу суткалык норманын 30–40%ын түзүшү керек. Менюнун негизин болжол менен 125 грамм дан азыктары түзгөнү жакшы: дан азыктарынан жасалган ботколор, күрүч (мисалы, күрөң күрүч), таруу боткосу, ошондой эле аз өлчөмдөгү нан же манты. Бул тоюктуулук берип, ашказан-ичеги системасынын ишин колдойт.

24