7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түп районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

164

Кардын калың түшүшүнөн улам аба ырайынын татаалдашына байланыштуу Түп районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү кызматтар жана жарандык коргонуу күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Унаа жолдорун тазалоо, коммуналдык жана энергетикалык тутумдардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, кооптуу аймактарга көзөмөл жүргүзүү, ошондой эле калкка маалымат берүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Укук коргоо органдары коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү күчөтүп, көрүнүү начар болгон жолдордо кыймылдын үзгүлтүксүз болушун камсыз кылышууда.

Медициналык кызматтар зарыл болгон учурда калкка ыкчам жардам көрсөтүүгө даяр турушат. Адистештирилген кызматтар алдын алуу жана авариялык-калыбына келтирүү иш-чараларын улантууда.

Кырдаал райондук администрациянын жана жарандык коргонуу кызматтарынын туруктуу көзөмөлүндө.

165