Күн мурун Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин 90 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага көркөм өнөр жана интеллигенция өкүлдөрү катышып, маданият министри Мирбек Мамбеталиев, Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев жана башкалар куттуктоо сөзүн сүйлөштү.
Мамбеталиев министрлик музейдин чыгармачылык потенциалын, илимий ишин жана коомчулук менен байланышын мындан ары да колдоого, жаңы технологиялар, санариптик архивдер, көргөзмөлөр аркылуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгиледи.
Расмий бөлүктөн соң келген коноктор музейде уюштурулган көргөзмө-жарманкелер менен таанышты.
Маалымат үчүн: Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи – Кыргызстандагы улуттук көркөм мурастын негизги сактоочусу жана искусствонун өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан алдыңкы маданий мекеме. 90 жыл аралыгында музей өлкөнүн көркөм искусствосунун тарыхын, жүздөгөн авторлордун эмгегин жана уникалдуу экспонаттарды муундан-муунга таанытып келет.



