7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмгек министрлиги кышкы эс алуу күндөрүн узартууну сунуштап жатат

262
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кышкы эс алуу күндөрүн 1-январдан 12-январга чейин узартууну сунуштап жатат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Эмгек кодекси боюнча, кыргызстандыктар 1- 7- январь күндөрү эс алыш керек.
Токтом долбоорунда 8-январдагы иш күнүн 7-февралга (ишемби), 9-январдагы иш күнү 25-апрелге (ишемби) жылдыруу сунушталган. Эгер документ кабыл алынып калса кышкы каникул 11 күнгө созулуп, 12-январдан тарта эл жумушка чыга баштайт.
Министрлик буга бир нече жагдай түрткү экенин белгилеген. Биринчиден, жаңы жылдан кийин вирустук инфекциялар күч алат. Экинчиден, окуучулардын каникулу 12-январга чейин созулат, алардын ата-энеси менен чогуу эс алуусуна шарт түзүү зарыл.
Мындан тышкары, кышкы туризмден түшчү кирешени көбөйтүү жана энергетикалык жүктү азайтуу да жүйө катары келтирилген.
263