7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алымкадыр Бейшеналиев: Уу коргошун десе ичпей коюшат, аконит деп атоону тапшырдым

2145

Интернет айдыңында,  коронавируска каршы уу коргошунду ичип жаткан бейтаптар, аталган тамырдын кайнатмасын ичкендигинен кабары жоктугу айтылган.

Саламаттыкты сактоо министри  Алымкадыр Бейшеналиев маалыматты тастыктап, суюктукту аконит деп берип жатышканын билдирди.

«Кыргызча уу коргошун деп аталат. «Уу» деген сөздү укса эле ичпей коюшу мүмкүн. Андыктан мен кечээ аконит деп берүүнү тапшырдым», — дейт ал.

Ал ошону менен бирге күзүндө уу коргошун ичкен бейтаптардын тизмесин жарыялайбыз. Журналисттер барып өздөрү алар менен таанышса болот деген.

Эске салсак, Ыссык-Көлдүн уу коргошунуна ушул учурда клиникалык изилдөө жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2146