7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

12 жылдык окутуунун биринчи жылдык жыйынтыгы: 4 млрд 84 миң 870 китеп басылып чыкты

5

Агартуу министрлиги өлкөнүн 12 жылдык мектептик билим берүү системасына этап-этабы менен өтүүнүн биринчи жылынын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Белгилүү болгондой, бул ири трансформация балдардын курактык өзгөчөлүктөрүн эске алып, окуу жүгүн азайтууга жана туруктуу негизги көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган.

Биринчи жылы жалпы билим берүү уюмдарында 12 жылдык окутууга багытталган жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыкты. Ага ылайык кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутуу жүргүзүлгөн мектептер үчүн предметтик стандарттар жана базистик окуу пландары этабы менен киргизилди.

Жаңы кабыл алынган мамлекеттик стандарт, предметтик стандарт жана окуу программаларынын негизинде мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн 21 жаңы программа иштелип чыкты, 105 программа жаңыланды.

Өлкө боюнча 50 миңден ашуун мугалим жаңы стандарттар, окуу программалары жана окутуунун заманбап ыкмалары боюнча, анын ичинде жаңы окуу китептерин колдонуу жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоого болгон мамилелерди өзгөртүү боюнча окуудан өттү. Окутуулар онлайн жана офлайн форматында улантылууда.

Мектептерди окуу китептери менен камсыз кылууда олуттуу натыйжаларга жетишилди. 2025-жылы окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу көлөмү акыркы жылдардагы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Алсак, 2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет тарабынан 856  548 703сом бөлүнгөн. Акыркы 8 жылда жалпысынан 3 742 461 окуу китеби басылып чыкса, 2025-жылы 4 084 870 окуу-методикалык комплекси (УМК) басылып чыгат. (8 жылда чыгарылган көлөмдөн 9,1% көп). Ошол эле учурда, 12 жылдык окутуу моделине ылайык, бардык предметтер боюнча окуу китептерин жаңылоонун так этаптуу планы түзүлдү.

Билим берүү системасын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бүгүнкү күндө мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 98,6%ы интернетке кошулган. “Күндөлүк”, “Мугалим”, “Мектеп инфраструктурасы”, “Мектеп”, “Санарип аттестат” сыяктуу автоматташтырылган маалыматтык системаларын киргизүү мугалимдер үчүн кагаз иштеринин көлөмүн кыскартууга жана билим берүүнү башкарууну ачык-айкын, ыңгайлуу кылууга мүмкүндүк берди.

Инклюзивдик окутуу жакшырып, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү же башка себептерден улам мектепке барууга мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө. Бул жылы “Тунгуч” онлайн мектебинин түзүлүшү чет өлкөдө жүргөн балдар, ошондой эле өзгөчө билим берүүгө муктаж окуучулар үчүн кыргыз мектептик билимине жетүүгө жол ачты. Учурда онлайн мектепте бардык предметтер боюнча 47 мугалим 2375 окуучуну окутуп жатышат.

Өзгөрүүлөрдүн маанилүү бөлүгү болуп окуучулардын коопсуздугуна кам көрүү саналат. Өлкөдөгү 2394 мектептин ичинен 1848 мектепке (80%) видеокамералар орнотулган. Аталган иш учурда улантылып, укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү күчөтүлүүдө.

Ошондой эле мектептик тамактануу маселелери ырааттуу түрдө чечилүүдө. Республикалык бюджеттин эсебинен күнүнө бир окуучуга 14 сом, ал эми Бишкек жана Ош шаарларында-тиешелүү мэриялардын бюджеттеринен бир окуучуга күнүнө Бишкек шаарында — 22 сом, Ош шаарында — 15 сом каралган.

Республикада 2 394 мектеп бар. Жеке менчик жана жатак тибиндеги жалпы билим берүү уюмдарын кошпогондо, 2101 мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1 924үндө (91,5%) ысык тамак уюштурулган.  2025-жылы башталгыч 1-4 класстардын 540 023 окуучусу ысык тамак менен камсыздалды. Мектеп тамак-ашын каржылоо 1,3 млрд сомду түздү.

Бул жылы кыргызстандык окуучулар  математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча абройлуу эл аралык олимпиадаларда бир алтын, үч күмүш, 21 коло медаль жана 11 ардак грамотага ээ болду. Анын ичинде 29-Балкан жаштар математика олимпиадасында (JBMO) Акимов Ариет алтын медаль утуп, Кыргызстандын бул олимпиададагы алгачкы алтын медалын алып келди. Ошондой эле United World International School мектебинин 12-классынын окуучусу Айбике Базарбаева XXXVI эл аралык биология олимпиадасында (IBO) коло медаль утуп, биология боюнча коло медаль алган алгачкы кыргызстандык кыз болду.

“Алтын Казык” программасын жүзөгө ашыруу мектеп инфраструктурасынын өнүгүүсү менен коштолууда. 2025-жылдын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында  52 мектептин курулушу, 39 мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттин эсебинен бүткөрүлдү. Мындан сырткары 14 мектеп  ар кандай каржы булактарынан каржыланып, курулду.

Агартуу министрлиги биринчи жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, 12 жылдык билим берүүгө өтүү бир жолку чара эмес, билим берүү системасынын сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган узак мөөнөттүү процесс экенин белгилейт. Бүгүнкү күндө алгачкы жыйынтыктар көрүнүп, эң башкысы – балдардын, мугалимдердин жана Кыргызстандын келечегинин кызыкчылыгы үчүн ырааттуу жана этап-этабы менен ишке ашырыла турган пайдубал түптөлдү.

6