7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Британияда 240 миңге жакын “Лабубу” оюнчугу конфискацияланды

195

Улуу Британиянын Бажы кызматы Рождество майрамынын алдында дээрлик 240 миң даана жасалма “Лабубу” оюнчугун аныктады. Бул тууралуу 23-декабрда өлкөнүн өкмөтү билдиргенин, Известия жазды.

Маалыматта айтылгандай, майрам алдында бажы кызматкерлери товар партияларын текшерүүнү күчөткөн. Анткени контрафакттык оюнчуктардын төрттөн үч бөлүгү коопсуздук талаптарынан өтпөй калган.

Жасалма “Лабубу” оюнчуктарынан тышкары, чек ара кызматкерлери башка дагы контрафакттык оюнчуктарды жана электр жабдууларын конфискациялашкан.

Ошондой эле АКШнын Сиэтл аэропортунда 26-августта баасы 500 миң доллардан ашкан жасалма “Лабубу” оюнчуктары алынган. Текшерүү учурунда федералдык мыйзам бузулгандыгы аныкталып, ал мыйзам башка адамдардын интеллектуалдык менчик укуктарын мыйзамсыз пайдаланууга жана андан пайда табууга тыюу салат.

196