2026-жылы жалпы кубаттуулугу 1 113,4 МВт болгон 17 кичи ГЭС курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ошондой эле 2027-жылы жалпы кубаттуулугу 203,8 МВт болгон 19 жаңы ГЭС ишке берилерин маалымдады.
“Энергетикада электр энергиясынын тартыштыгы убактылуу көрүнүш, биз керектөө менен өндүрүш көлөмдөрүнүн айырмасын кыскартууга багытталган жолдо бара жатабыз. 2025-жылдын 11 айына карата жалпы өндүрүлгөн электр энергиясынын кубаттуулугу 112,6 МВт чейин көбөйтүлдү. Жалпы кубаттуулугу 43,6 МВт түзгөн 7 чакан ГЭС ишке берилди. Дагы жыл аягына чейин кубаттуулугу 5,4 МВт түзгөн 2 чакан ГЭС ишке берилет”,- деди Касымалиев.
2025-жылдын маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири катары энергетикалык компаниялардын өз каражаттарынын эсебинен 141 техника сатып алгандыгы кошумчаланды.



