7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент чек ара маселелерин чечүүдө Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди

146

Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча аткарылган иштер үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди.

Делегаттардын алдында сүйлөп жатып, мамлекет башчысы чек ара маселесинин көп жылдар боюу чечилбей созулуп келгени бир нече ирет олуттуу, атүгүл кайгылуу окуяларга себеп болгондугун белгиледи.

«Чек ара маселелерин жөнгө салуу — бул жөн гана ийгилик эмес, бул эгемендүүлүктүн жана улуттук коопсуздуктун пайдубалы. Бул жаатта Камчыбек Кыдыршаевичке жана ал жетектеген өкмөттүк комиссияга ыраазычылык билдирем», — деди Садыр Жапаров.

Президент чек ара маселелери чечилгенден кийин коңшу өлкөлөр менен тынчтык жана достук мамилелер түзүлөрүн баса белгиледи.

147