7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Питерде Биволдун мурдагы жубайы кыргыз жана казактарды кемсинткени үчүн соттолот

25
Россия соту Дмитрий Биволдун мурунку жубайы Екатерина Биволду кыргыздар менен казактар тууралуу жазган посттору үчүн айыпка жыгышы мүмкүн.
Бул тууралуу документте ИИМдин Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгына караштуу бөлүмдүн кызматкери 5-ноябрда Telegram мессенджериндеги каналдардын биринен Екатерина Биволдун видеосу жайгаштырылганын аныктаганы айтылат.
Бул үчүн мониторинг жасалган.
«Екатерина Бивол айткан сөздөргө жүргүзүлгөн лингвистикалык экспертиза анын айткан-жазгандарында улутуна, тилине жана тегине карата жакын адамдарга, тагыраагы, кыргыздарга жана казактарга терс баа бергенин белгилеген. Ал нерсе кемсинткен жана уят сөздөр менен туюнтулган», — деп айтылат анда.
Сот отуруму 29-январга белгиленген. Екатерина Биволго 20 миң рублге чейин айып салына турганы же 15 күнгө камакка алынышы мүмкүн экени кабарланды.
Эскерте кетсек, буга чейин Екатерина Бивол социалдык тармактарга ар кандай улуттун өкүлдөрүн кемсинткен видеоролик жарыялаган.
Мындан соң Кыргызстанда жана Казакстанда ага карата кылмыш иштери козголгон. Россиянын Ички иштер министрлиги боксчунун мурдагы аялына карата текшерүү баштаганын билдирген. Екатерина менен Дмитрий Бивол 2023-жылдын июнь айында расмий түрдө ажырашкан. Алар 16 жыл бирге жашап, эки уулдуу болушкан.
26