Пандемиядан кийинки акыркы жылдары балдардын арасында аутизм жана башка нерв системасынын өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу диагноздор көбөйүп жаткандыгын IV Элдик курултайдын жүрүшүндө Нарын шаарынан келген делегат Кундуз Оморова билдирди.
Анын айтымында, 217 миң өзгөчө адамдын 37 миңи бул өзгөчө балдар болуп, саны бир райондун калкына барабар болууда.
“Бирок, тилекке каршы бул балдарыбыз үчүн 100 орунду эле реабилитациялык борборубуз бар. Өзгөчө балдардын медициналык кароодон өтүүсү, дарылануусу жана билим алуусу абдан кымбат. Логопед, дефектолог сыяктуу адистердин 40 мүнөттүк кызматы 700-1500 миң сомду түзөт. Ал эми орточо реабилитация 70-80 миң, мүмкүнчүлүгү барлар андан да көп каражаттарды сарпташат. Өзгөчө балдарга өзүңүз өзгөчө көңүл бурууңузду суранам. Мүмкүнчүлүгү барлар шаарга келип балдарын өнүктүрүүдө, ал эми мүмкүнчүлүгү жок үй-бүлөлөрдүн балдары өнүкпөй калышууда. Ошондуктан бул көйгөйдүү чечүү максатында аймактарга реабилитациялык борборлорду куруу жана бул тармакка керектүү адистерди даярдоо зарылдыгын билдиребиз. Дени сак бала – бул дени сак мамлекет”,- деди Оморова.
Ошондой эле азыр балдар телефон сыяктуу түрдүү гаджеттердеги оюндарга азгырылып, окууга көңүл бурбай жатышканын, жаш балдардын тилдери, өнүгүүлөрү кеч болуп жатканын кошумчалады



