Баткен облусунун Сүлүктү шаарында «Сүлүктү-11» көмүр кенинин расмий ачылыш аземи өткөрүлдү. Кендин жалпы аянты 863,1 гектарды түзүп, баланстык запасы 82,7 млн тонна көмүрдү камтыйт.
Кендин ишке кириши аймактык өнүгүүгө чоң түрткү берип, 200дөн ашык жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орундары менен камсыз болот. Техникалык долбоорго ылайык, жылына 900 миң тонна көмүр казып алуу пландалууда.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан “Маркай” кени ишке кирди, анын аянты 292 га, көмүрдүн запасы 8,207 млн. тонна.
Бул долбоорлор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодо жана көмүр тармагын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Көмүр тармагын өнүктүрүүгө, энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



