Бөйрөк алмаштырууда донор катары жакын гана эмес, алыскы туугандарды да мыйзам түрүндө карап чыгуу сунушталууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан IV Элдик курултайда билдирди.
Өлкө башчысынын айтымында, гемодиализ алууга мамлекет мурда бейтаптар үчүн жарым-жартылай акы төлөчү, азыр болсо толугу менен мамлекеттин эсебинен каржыланып жатат. Учурда бул кызмат үчүн мамлекет жылына 4 млрд сомго чейин сарптоодо.
«Бүгүнкү күндө эки ооруканада бөйрөк алмаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бирок, акыркы эки жыл ичинде болгону 37 адамга эле операция жасалган. Бир бейтапка жыл сайын 15 миң долларга чейин дарылануу чыгымы кетет экен. Ошондуктан, бейтапты толук дарылап, бөйрөгүн алмаштырып, ооруканадан чыгаруу чыгымды үнөмдөө менен бейтаптын өзүнө да жакшы «, — деди президент.
Садыр Жапаров учурда мыйзам жакын туугандар гана донор боло алат деп чектеп жатканын белгилеп, Саламаттык сактоо министрлигинен түшкөн сунуш боюнча бул чектөөнү кеңейтүү зарылдыгын айтты.
“Аны Жогорку Кеңеш карап көрсүн, талкууга чыгаргыла деп айттым”, — деди ал.



