Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын бааларындагы айырмачылык тууралуу суроого жооп берип жатып, батирлердин баалары боюнча кенен тушүндүрүп берди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда ипотекалык турак жайларды курууга “Кыргызкурулушсервис” ишканасы жана дагы эки компания тартылган. Алар батирдин чарчы метрин 700-750 доллардан куруп берүүдө. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания үстүнө 250 долларга чейин кошуп жатат. Бул 25 жылдын ичинде күтүлө турган инфляцияны жабууга жумшалат.
“Биз турак жайларды курууга Кыргызкурулушсервис” ишканасын түзгөнбүз жана дагы эки компания ишке кошулууга макул болгон. Азыр аларга Чүй облусунда Кара-Балта шаарынан Кеминге чейин Бишкекти кошкондо даяр ипотекалык батирлердин чарчы метри 700 доллардан берилүүдө. Ал эми региондорго курулуш материалдарын ташып барган жол акысын кошуп 750 доллардан кылганбыз. Алар батирлерди салып бүтүп, “Мамлекеттик ипотекалык” компанияга тапшырат. Мисалы, “Мурас” турак жай комплекси эмки жылы толугу менен курулуп бүтөт. Жалпысынан 8 гектар жерде дээрлик 5500 батир болот. Жеке тараптар 700дөн куруп бүтүрүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга берип жатат. Ал эми компания үстүнө 250 доллар кошуп, жарандарга алдын ала төлөмү жок 950 доллардан 25 жылга берүүдө. Суммага кошулган 250 доллар мамлекетке түшүп жатат. Анткени, ал каражат 25 жылда боло турган инфляцияны жабууга кетет.
Бишкекте Түштүк магистралдан жогору жакта салынып жаткан үйлөр 1400 доллардан берилип жатат. Анткени, алар престиждүү жерде жайгашкан, ошол эле райондо жеке менчик компаниялар ички жасалгасы жок батирлерди 2 миң доллардан сатып жатат. Мамлекеттик программа болгондуктан биз ремонту менен даяр батирди 1400 доллардан берип жатабыз”, — деди өлкө башчысы.
Ошондой эле Садыр Жапаров облустук деңгээлдеги шаарлардагы курулуш иштери бүткөн соң, 33 кичи шаарда, 44 райондо, андан кийин айылдарга чейин турак жайлар салынарын айтты.
Мындан тышкары, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 1 млрд долларга жеткирилгенин белгиледи.
“2021-жылы бул сумма 10 млн сом болчу. Азыр 1 млрд долларды түздү. Уставдык капиталын эми 2 млрд долларга жеткиребиз. Ошондон тарта биз компанияга акча бербейбиз. Алар ошол акча каражаты менен эле элди үй менен камсыздай берет”, — деди Садыр Жапаров.



