7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

IV Элдик Курултай аяктады

10

Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда IV Элдик Курултай өз ишин жыйынтыктады. Иш-чара 25-26-декабрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.

Курултайдын ишине өлкөнүн бардык аймактарынан 690 делегат, анын ичинде чет өлкөлөрдө жашаган эмгек мигранттарынын, ошондой эле диний конфессиялардын өкүлдөрү катышты.

Курултайдын биринчи күнүндө Мамлекет башчысы катышуучуларга кайрылуу жасап, коомдук маанилүү маселелерди козгоп, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктарына токтолду. Президент Кыргызстандын өнүгүүсүнүн учурдагы этабынын жыйынтыгын чыгарып, республика мамлекеттүүлүктү чыңдоонун жана туруктуу социалдык-экономикалык өсүштүн жаңы мезгилине өткөнүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, онлайн режимде бир эле учурда бүткүл өлкө боюнча 27 өнөр жай ишканасы ишке берилди. Ошондой эле 67 социалдык объекттин ачылышы болду.

Курултайдын жүрүшүндө 150 делегат жарыш сөзгө чыгып, актуалдуу маселелерди айтып, конкреттүү демилгелерди көтөрүштү.

IV Элдик Курултайдын делегаттары социалдык чөйрө, кайра иштетүү өнөр жайын жана инфраструктураны өнүктүрүү, суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу, ошондой эле айыл чарбасын жана ишкердикти колдоо боюнча кеңири маселелерди көтөрүштү.

Шаарларды өнүктүрүүгө кошумча каражат бөлүү боюнча сунуштарга, ошондой эле чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, визалык режимди жөнөкөйлөштүрүү жана эмгек мигранттарынын өлкөнүн саясий турмушуна катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, анын ичинде парламентке талапкерлигин коюу маселелери боюнча демилгелер айтылды.

Президент Садыр Жапаров IV Элдик Курултайдын жыйынтыгы боюнча делегаттардын суроолоруна жооп берип, өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги багыттарына кеңири токтолду. Ал делегаттар көтөргөн көйгөйлөрдүн көбү чечилүү стадиясында экенин баса белгиледи. Курултайдын ишине министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринин катышуусу кайрылууларды ыкчам карап, конкреттүү чараларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Курултайдын алдында, 24-декабрда, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү делегаттарды Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында кабыл алышты.

Делегаттар тарабынан айтылган маселелер жана сунуштар ишке алынды, бир катар багыттар боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

11