7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн аял. УКМК кайдыгерлик кылган жактарга баа берет

285

УКМК аялын өлтүргөн мурдагы милиция кызматкери боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө ишинин жыйынтыгында, айыпталуучуга гана эмес, бул мыкаачылыктын жасалышына шарт түзгөн же кайдыгер мамиле кылган башка жактарга да акыркы юридикалык баа берилерин билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, тергөө учурунда жаңы жагдайлар белгилүү болду. Алсак, өлтүрүлгөн аялдын убактылуу коргоо ордери болгону, ошондой эле айыпталуучу киши өлтүрүүдө колдонгон травматикалык куралды мыйзамсыз алып жүргөнү жана сактаганы аныкталды.

«Күнөөлүүлөр мыйзам чегинде катуу жазага тартылат, ал эми коомчулукка тергөөнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

УКМК жүргүзүлүп жаткан тергөөнүн жыйынтыгы боюнча айыпталуучуга, ошондой эле аракеттери же аракетсиздиги бул мыкаачылык менен киши өлтүрүүнү жасоого себеп болушу жана шарт түзүшү мүмкүн болгон башка адамдарга да акыркы юридикалык баа берилерин белгилеп коюуну зарыл деп эсептейт.

Эске салсак, бул ишти тергөө менен УКМК алектенет.

286