Бишкекте уюлдук телефон тоноого шектелип 28 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-апрелде саат 21:40тар чамасында “102” кызматына Жаш Гвардия жана Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефон тонолгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Анда 67 жаштагы Л.З. аттуу аял 36 жаштагы Л.И. аттуу баласын белгисиз жарандар уруп, «Redmi» үлгүсүндөгү телефонун тартып алганын билдирген.
Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 28 жаштагы М.А. аттуу жаранды кармашкан.
Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-беренесинин (“Тоноо”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.