7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык 17 калыс ФИФАнын лицензиясын алды

20

Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) 2026-жылдагы тизмесине кирген кыргызстандык калыстарга жана алардын жардамчыларына ФИФА лицензияларын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Бул тизмеге Кыргызстандан жалпы 17 адис кирди. Эми алар өлкө намысын коргоп, эл аралык деңгээлдеги мелдештерде калыстык кылышат.

Медербек Сыдыков Түркиянын Анталия шаарында өтө турган окуу-машыгуу жыйынына аттанып жаткан калыстар менен да баарлашты. Окуу-машыгуу жыйыны 2-февралдан 18-февралга чейин созулат. Ага жалпы 18 калыс, 24 калыс жардамчысы, Кыргыз футбол биримдигинен 7 жана Азия футбол конфедерациясынан (АФК) 1 инструктор, ошондой эле медициналык кызматкерлер катышат.

Бул машыгуулар калыстардын физикалык даярдыгын жогорулатууга, теориялык билимдерин тереңдетүүгө жана эл аралык стандарттарга ылайык тажрыйба алмашуусуна багытталган.

21