7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мугалимдер үчүн 20 миң 286 даана “Алтын Казык” ноутбуктары тапшырылды

354

Бүгүн, 2-февралда өлкө мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн 20 миң 286 даана “Алтын Казык” ноутбуктары тапшырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кийинки партияларда тарых, география жана кыргыз тили предметинин мугалимдерине берүү пландалууда.

Алар техникалык талаптарга ылайык даярдалып,  автоматтык түрдө жаңыртылып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздалган. Мындан тышкары, мугалимдердин күнүмдүк ишине зарыл методикалык колдонмолор жана керектүү программалар киргизилген.

Эске салсак, өткөн жылы STEM предметтеринин (математика, физика, химия, биология, информатика) мугалимдерине 27 миңден ашык “Алтын Казык” ноутбугу берилген.

355