7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат

400

Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министри, Дубай эмиратынын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун чакыруусу боюнча Адылбек Касымалиев Бүткүл дүйнөлүк өкмөттүк саммитке катышуу үчүн БАЭге жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Касымалиев Саммиттин ишине катышат, БАЭнин жогорку жетекчилиги жана бир катар министрликтердин жана суверендүү фонддордун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө эмират тарап менен эки тараптуу документтерге кол коюу жана Саммиттин алкагында БАЭнин жогорку кызмат адамдарынын катышуусунда «Кыргызстандын экономикалык өсүү модели «Ак илбирс»: Өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар» аттуу сайд-ивент өткөрүү пландаштырылууда.

401