Бишкекте аял батирин сатып, шылуундарга 22 млн. сом которуп берген
417
Бишкекте аял батирин сатып, ири суммадагы акчасын шылуундарга алдатып жиберди. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Г.Ч. аттуу аялга белгисиз жарандар түрдүү номерлер менен WhatsApp аркылуу байланышып, өздөрүн УКМК жана банктын кызматкерлери катары тааныштырган. Алар жабырлануучуга психологиялык кысым көрсөтүп, ар кандай каржылык операцияларды жүргүзүүгө мажбурлашкан.
Натыйжада аял өзүнө таандык батирин сатууга аргасыз болуп, андан кийин 22 миллион 130 миң сомун алдамчылардын эсебине которгон.
«Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен иш козголду. 19, 24 жана 28 жаштагы үч шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп жазылат маалыматта.
Президент Садыр Жапаров 14-15-октябрда Азербайжан Республикасына иш сапар менен барат. Мамлекет башчысы Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу боюнча Азиядагы Өз
Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгында жергиликтүү тургундарга арзандатылган көмүр сатылууда. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, «Кыргыз көмүр» ишканасы жеткирген көмүрдүн бир
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жаштар арасында энергетикалык суусундуктарды колдонуу кеңири жайылып жатканына көңүл буруп, алардын ден
Кыргызстан 2027-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн IV оюндарын өткөрөт. Тиешелүү чечим КМШ мамлекеттеринин Дене тарбия жана спорт боюнча
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы дайындалган директору Нурлан Конокбаевди кабыл алды. Өлкө башчы
Министрлер Кабинети чет өлкөлүк номердеги автоунааларды убактылуу каттоо тартибин бекитти. Ага ылайык, мындай унаалар Кыргызстанда алты айга чейин каттала алат.