Жол кырсыгынан жылына миңден ашык адам каза болуп жаткан шартта айдоочулукка окутуу системасын өзгөртүү кечиктирилгис чара. Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде бул реформаны мамлекет үчүн стратегиялык маанидеги кадам деп атап, коомду түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.
— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич, айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу жана айдоочулук күбөлүккө окутуу маселеси коомдо дагы деле талкуу жаратууда.
Бул реформанын негизги максаты эмнеде? Мамлекет үчүн канчалык маанилүү? Буга чейин жасалган башка жакшы иштерди жууп кетпейби?
— Жок, эч кандай жууп кетпейт. Буга чейин мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги канчалаган маанилүү иштерди жасадык.
Кумтөрдү өзүбүзгө алдык. Алтын запасыбыз көбөйдү. Тышкы карыздарыбызды кайтарууда мурда кайгырчубуз. Азыр эч көйгөй жок.
Камбар-Ата – 1 ГЭСи жана башка толгон токой ГЭСтер курулуп жатат. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу салынып жатат. Чек ара маселесине чекит коюлду.
Тышкы саясатыбыз жакшырды. Аэропорттор толук ишке кирип, учактар сатып алынып жатат. МИК аркылуу элге 25 жылга чейин үйлөр берилип жатат. Эмгек акыларды көбөйтүп жатабыз.
Армиябызды күчтөдүк. 5-7 жылдыздуу мейманканалар курулуп жатат. Жылдан-жылга туристтердин саны көбөйүүдө. Кыскасы 5 жыл ичинде опол тоодой иштерди жасадык. Мен орчундууларын эле айттым.
ЭМИ УШУЛ ИШТЕРДИН БААРЫН БИРИКТИРИП КАРАСАК, БААРЫ БИР ТЕҢ ДАГЫ, “УНАА” ИШКАНАСЫНА ЖАСАП ЖАТКАН РЕФОРМАБЫЗ БИР ТЕҢ

Себеби бул реформа мамлекеттин башкы байлыгы болгон адам өмүрүнө түздөн-түз тиешеси бар маселе. Жол кырсыгынан каза болгондордун статистикасын баарыбыз эле көрүп турабыз. Абал жакшы эмес.
Жылына миң адам каза болгону жакшыбы?!
Жол кырсыгынан согуш учурундагыдан да көп адам көз жумуп жатат.
Бири баласын жоготсо, дагы бирөө жетим болуп калып жатат.
Бүтүндөй үй-бүлөсү менен каза болуп калган учурлар да бар.
Майып болуп калгандары канча?!
Жылына 10 миңге жакын адам жаракат алат.
Анын жарымы майып болуп калып атышат.
Биз буга жол бербешибиз керек.
Тезинен чара көрүп, реформа жасабасак, абал жыл сайын оорлошуп кете берет.
Азыр бир чыдап тармакты оңдоп алалы.
Албетте, дароо эле баары жакшы болуп кетпейт.
Кемчиликтер болот. Бирок көч бара-бара түзөлөт.
Бул реформабыздын жыйынтыгы азыр дароо сезилбейт. 50-60 жылдан кийин жемишин берет.
30 жылдан бери күбөлүк сатып алган биздин муун кетип, азыркы 10 ай окуп аткандар жана сентябрдан баштап мектептерде окуган балдардын мууну калганда жыйынтыгы сезилет.
50-60 жыл талап кылынат.
Азыр катуу эрежелерди киргизип реформа кылып алсак, бир калыпка түшкөн соң, статистика да өзгөрөт. Адам өлүмү азаят.
Ошондо коом өз баасын берет деп ойлойм.
Ошондуктан коомчулукту бул өзгөрүүлөрдү колдоого, түшүнүү менен кабыл алууга чакырам.
Жеке мектептерди жапканым үчүн ээлеринен дагы кечирим сурайм.
Мен мунун баарын жеке кызыкчылыгым үчүн жасап жаткан жокмун. Келечек баарыбыздыкы. Силердики дагы.
“Окуду” кылып справка берип, “өттү” кылып күбөлүк саткан кызматкердин жакын адамын ошол күбөлүк сатып алган айдоочу сүзүп өлтүрүп кеткен учурлар болду.
Бул дагы болсо ошол күбөлүк саткан кызматкерге Кудайдын берген белгиси деп ойлойм. Ошондуктан башка бизнеске өткүлө.
— Негизинен нааразылык айдоочулукка окутуунун мөөнөтү боюнча жаралганы байкалууда. 10 айлык окуу мөөнөтүн кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү барбы?
— Бул 10 айлык мөөнөт деле ойдон чыгарыла калган убакыт эмес. Дүйнөлүк стандарттардагы окуу программалары эске алынды.
Дүйнөнүн көп эле өлкөлөрүндө 1 жылдан кем эмес окутушат экен. Биздин адистер окуу программаларды 10 айга ылайыкташты.
Мен деле айтып атам: «Эгер мүмкүн болсо окуу программаларды кысып, мисалы жумасына 3 жолу 2 сааттан эмес, 5 жолу 2 сааттан окутуу жагын карап көргүлө» деп. Тагыраагы, биринчи күндөн бешинчи күнгө чейин.
Эң жакшысы азыр онлайн окуса да болот. Мектепке барбастан үйдө олтуруп алып эле онлайн сабакка катышса болот. Ансыз деле баарыбыз суткалап интернетте олтурабыз.
Күнүгө 2 саат убактыбызды сабакка бөлүп койбойлубу? 10 ай тез эле өтөт. Эгер, кокус эле 5-6 айда эле окуучулар даяр болуп, экзаменден шыр өтүп кетип атышса, мына ошондо мөөнөтүн кыскартууну карап көрсөк болот. Бирок окуучу даяр болушу кыйын.
3,5 ай окуп экзаменден өтпөй жаткандардын саны 90 пайызга чыкты. Бул сан эми мындан ары дагы көбөйүшү мүмкүн.
Анткени кечээ жакында «ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ» системасын киргиздик. Робот экзамен ала баштады. Эми мындан ары адам фактору аралашпайт.
Мурда 3 ай окуп экзаменден өтүп аткан 10 пайыздын арасында анча-мынча инструкторлор жардам берип өткөрүп жибергендер дагы болушу мүмкүн?
Ошондуктан сөзүмдүн аягында дагы бир жолу жалпы элге кайрылам:
Окутуу программасында жол эрежелерин эле үйрөтүү эмес, айдоочулук этикага дагы окутуу бар.
Сиздерге канчалык кыйын болсо дагы келечек үчүн кам көрүп жаткан иштерибизди колдоп бериңиздер.
Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев



