Жекшембиде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +6…+11, Талас аймагында +5…+10, Ош, Жалал-Абад облустарында +8…+13, Баткенде +7…+12 градуска чейин көтөрүлсө, Ысык-Көл өрөөнүндө -1…+4 градуска чейин көтөрүлүп, Нарын жергесинде -4…-9 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте +7…+9, Ош шаарында +9…+11 градуска чейин жетет.
Эс алуу — жаңы жумага күч топтоонун эң жакшы жолу…



