7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада жөнгө салуу бассейни мамлекетке кайтарылды

14

Чүйдө стратегиялык мааниге ээ болгон суу чарба объектиси — суткалык жөнгө салуу бассейни мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан суу инфраструктурасынын объектисин — күнүмдүк жөнгө салуу бассейнин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады.

1999-жылдын 30-ноябрында өткөрүп берүү актысынын негизинде аталган суткалык жөнгө салуу бассейни мыйзамсыз түрдө «Пахарь» айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин балансына өткөрүлүп берилген.

Кийинчерээк, 2021-жылы Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысынын №28 чечиминин негизинде, жогоруда көрсөтүлгөн суткалык жөнгө салуу бассейни «Пахарь» айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин менчигине өткөн жана андан соң жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик акт алынган.

Тергөө иш-чараларынан кийин мыйзамсыз менчиктештирилген суу инфраструктурасынын объектиси мамлекеттин балансына кайтарылып, Айыл чарба министрлигинин түзүмдүк бөлүмү болгон Ысык-Ата суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилди.

Маалымат үчүн: Совет доорунда айыл чарба жерлерин сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн күнүмдүк жөнгө салуу бассейндери активдүү курулган. Күнүмдүк жөнгө салуу бассейнинин негизги максаты — ашыкча суу топтоо мезгилинде (кыш же жаан-чачындуу мезгилде) сууну топтоп, андан кийин аны кургакчылык мезгилде колдонуу болуп саналат.

15