Бүгүн, 10-февралга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу аймактырында жаан, кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн −0…+5 күндүз +10…+15;
Таласта түнкүсүн −3…+2 күндүз +8…+13;
Баткен облусунда түнкүсүн 1…+3 күндүз +9…+11;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…+4 күндүз +1…+15;
Ысык-Көлдө түнкүсүн −0…-5 күндүз +4…+9;
Нарында түнкүсүн −12…-14 күндүз −1…-3;
Бишкек шаарында түнкүсүн 1…3°, күндүз 13…15° болот.



