7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Франция түз авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты

403

Кыргызстан менен Франция түз авиакаттам ачуу маселесин талкуулашты.

Маалым болгондой, аталган маселе «Кыргызстандын аэропортторунун» жетекчиси Манасбек Самидинов Кыргыз Республикасындагы Франциянын элчиси Николя Фай менен жолугушуу учурунда талкууланган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар француз авиакомпаниялары тарабынан Франция менен Кыргызстандын ортосунда түз авиакаттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгышты.

«Талкуу жарандык авиация жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегине, транспорттук жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик жана гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө багытталды.

«Кыргызстандын аэропорттору» ААК эл аралык каттамдардын маршруттук тармагын кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, бул багытта француз өнөктөштөрү менен биргеликте практикалык иш алып барууга даяр экенин ырастады», — делет маалыматта.

404