7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2 млн сом алып… Кара-Көлдө кызмат адамы камакка алынды 

19

Архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы жер тилкелерине байланыштуу коррупциялык схеманы уюштургандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы У.Б. тарабынан уюштурулган жер участокторун жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды.

2021-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы адиси катары У.Б. Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнөн ар бири 700 чарчы метр болгон төрт жер тилкесин бөлүп берүү үчүн жаран М.Д.дан 2 миллион сом алгандыгы аныкталган. У.Б. бардык зарыл болгон жол-жоболорду расмий эмес түрдө аткарууга убада берип, кийинчерээк мамлекеттик акттарды түзүү жана жер тилкелерин каттоо үчүн кошумча 200 миң сом алган.

Өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясат активдүү ишке ашырыла баштагандан тарта У.Б. кылмыштуу планын ишке ашыра алган эмес жана жер тилкелерин М.Д. аттуу өткөрүп бере алган эмес. Ал эми алынган 2,2 миллион сомду жеке муктаждыктарына жумшаган.

2026-жылы 4-февралда У.Б. КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (кызмат абалын алдамчылык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, башка тиешелүү адамдарды жана ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

20